1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

43

ЖАМУда кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалаган жолугушуу өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти, коомдук ишмер Раимжан Курбанов менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты жаштар арасында кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатуу, эне тилди урматтоого үндөө, тилдин тазалыгын сактоо жана студенттердин сүйлөө маданиятын өнүктүрүү.

Иш-чарада Раимжан Курбанов кыргыз тилинин коомдогу орду, эне тилди билүүнүн мааниси, сөз маданияты жана көркөм сүйлөө тууралуу студенттер менен баарлашты. Өз сөзүндө ал жаштарды кыргыз тилин туура жана таза колдонууга, эне тилге аяр мамиле кылууга чакырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тилдин тазалыгы, сөздөрдү туура колдонуу жана көркөм сүйлөө маселелери талкууланды. Раимжан Курбанов кыргыз акындарынын чыгармаларынан көркөм окуп, студенттерге руханий маанай тартуулады.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, коомдук ишмер менен эркин пикир алышты. Конок жаштардын суроолоруна жооп берип, кыргыз тилин өнүктүрүүдө жаш муундун орду өзгөчө экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАМУнун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа да тартууланды. Студенттер кыргыз тилин, улуттук баалуулуктарды жана мекенчилдикти даңазалаган ырларды аткарып, көркөм окууларды жана чыгармачылык номерлерди тартуулашты.