1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

136

Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган адабий кече

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган адабий-маданий кече өткөрүлдү.

 Иш-чара «Чыңгыз Айтматов – кыргыз рухунун дүйнөлүк туу чокусу» аталышында уюштурулуп, кыргыз элинин маданий мурасын, руханий баалуулуктарын жана залкар жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы ордун даңазалоого багытталат.

Адабий-маданий кече ЖАМУнун Англис тили жана адабияты кафедрасынын алдындагы “English Drama Club” тарабынан уюштурулуп, анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, адамзаттык баалуулуктарды камтыган чыгармалары жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы тууралуу көркөм-адабий программа тартууланып, студенттер тарабынан чыгармалар чет тилинде сахналаштырылып көрсөтүлдү.  Бул тилге кызыккан жаштарга дем берсе, залкар жазуучунун чыгармаларын башка өлкөгөлөргө жайылтуунун да бир аракети. Аталган клубдун мүчөлөрү учурда кыргыз маданиятын, чыгармаларын дүйнө элине таратуу максатында котормо иштерин да колго алган.