1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

98

Улуттук кийим – улуттун жүзү, нарк – анын жаны

Мамлекеттик тил жумалыгынын алкагында Жалал-Абад колледжинде «Улуттук кийим – улуттун жүзү, нарк – анын жаны» аттуу улуттук кийимдер подиуму жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өзгөчө маанайда өткөрүлдү.

Анда  улуттук баалуулуктарды даңазалоо, кыргыз элинин бай маданий мурасын жайылтуу, эне тилди жана салт-санааны урматтоого үндөө, ошондой эле жаш муундардын улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Иш-чарада кол өнөрчүлүктүн уникалдуу үлгүлөрү жана студенттердин чыгармачылык эмгектери тартууланды. Көргөзмөдө улуттук кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүгүн чагылдырган буюмдар орун алып, студенттердин изденүүсү жана чыгармачылык жөндөмдөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле байыркы жана заманбап үлгүдөгү улуттук кийимдердин подиуму уюштурулуп, кыргыз элинин улуттук кийимдеринин көркөмдүгү, өзгөчөлүгү жана терең мааниси даңазаланды. Ар бир кийим элибиздин тарыхын, каада-салтын жана улуттук наркын чагылдырган маданий мурас катары көрсөтүлдү. Иш-чаранын алкагында улуттук мурастарды сактоо, эне тилди ардактоо жана улуттук нарк-насилди кийинки муундарга өткөрүп берүү тууралуу маанилүү ойлор айтылды.