1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

54

ЖАМУда «Мамлекеттик тил жана заманбап билим» аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү

23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 37 жылдыгына карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Мамлекеттик тил жана заманбап билим» аттуу кереге кеңеш өткөрүлдү.

Анда мамлекеттик тилдин колдонулушун өркүндөтүү, тил саясатынын негизги багыттарын талкуулоо, ошондой эле кыргыз тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары айтылды.

Кереге кеңештин жүрүшүндө «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, көркөм окуу тартууланды. Ошондой эле университеттин окутуучулары тарабынан мамлекеттик тилдин улуттук баалуулуктарды сактоодогу орду, кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсү жана коомдун ар кыл тармактарындагы колдонулушу боюнча баяндамалар жасалды.

Атап айтканда, филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжан Бакирова «Эне тили – улуттук баалуулуктарды, каада-салтты жана адеп-ахлакты кийинки муунга өткөрүп берүүнүн жалгыз коду» аттуу темада баяндама жасады.

Ал эми филология илимдеринин доктору, профессор И. Абдувалиев «Кыргыз тили кылымдарды карытып келет» деген темада кыргыз тилинин тарыхый жолу жана бай мурасы тууралуу ой бөлүштү.

Мындан сырткары, филология илимдеринин кандидаты А. Оморов «Мамлекеттик тил, анын статусу, тармактардагы абалы» аттуу баяндама жасап, мамлекеттик тилдин укуктук макамы жана коомдогу колдонулушу боюнча маалымат берди.

Иш-чаранын соңунда жасалган баяндамалардын алкагында студенттер менен талкуулар уюштурулуп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын коомдогу ордун бекемдөө жана жаш муундардын тилге болгон кызыгуусун арттыруу маселелери талкууланды.