1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

163

ЖАМУда «iTalks» Караваны аттуу медиа сабаттуулук боюнча тренинг жана дебат турнири өтүүдө

21–22-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттер үчүн «iTalks» Караваны аттуу медиа сабаттуулук боюнча тренинг жана дебат турнири өтүүдө.

Иш-чара «Жаштар Үнү: Ук, көр, талда» долбоорунун алкагында ЮНЕСКОнун колдоосу менен IDEA Борбордук Азия жана Кыргыз дебат лигасы тарабынан биргеликте уюштурулду.

Максаты  студенттердин медиа сабаттуулугун жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, маалымат булактарын текшерүү, дезинформацияны жана манипуляцияны таануу, ошондой эле санариптик коопсуздук боюнча билимдерин арттыруу.

Иш-чаранын биринчи күнүндө катышуучулар өздөрүн тааныштырып, бири-бири менен жакындан таанышууга багытталган кызыктуу оюндарга катышышты. Интерактивдүү оюндардын жүрүшүндө студенттер активдүүлүгүн көрсөтүп, жеңүүчүлөр белектерге ээ болушту.