1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

36

ЖАМУда  «МАНАС» УРААНЫН ТУУРА АЙТУУ БОЮНЧА МАСТЕР-КЛАСС ӨТКӨРҮЛДҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин патриоттук сезимин ойготуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана «Манас» эпосун кеңири жайылтуу максатында атайын жолугушуу жана мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чарага окуу жайдын тарых жана кыргыз тили мугалимдери, студенттер катышып, Бишкек шаарынан атайын чакырылган Акылбек Пайшанбаев «Манас» ураанын туура айтуунун өзгөчөлүктөрү боюнча мастер-класстарды өткөрүп, анын маанисин жана улуттук руханий мурастарды сактоодогу ордун түшүндүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер «Манас» ураанын туура айтуунун ыкмалары менен таанышып, практикалык сабактарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул иш-чара «Манас» эпосун жаш муундар арасында жайылтууга, студенттердин мекенчилдик сезимин арттырууга жана улуттук маданий мурастарга болгон кызыгуусун күчөтүүгө багытталды.