1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

161

ЖАМУ ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИККЕ АКТИВДҮҮ КАТЫШТЫ

Манас шаарында өткөн жалпы ишембиликке  Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бардык институттарынын жана колледждеринин эмгек жамааттары, студенттери активдүү катышты.

Ишембиликтин алкагында айлана-чөйрөнү тазалоо, коомдук жайларды иретке келтирүү жана шаардын санитардык абалын жакшыртуу иштерине өз салымдарын кошуп, өздөрүнө бөлүнгөн жайларды тазалады.

ЖАМУнун жамааты жана студенттери шаарда өткөрүлгөн тазалык акцияларына дайым активдүү катышып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо жана коомдук жоопкерчиликти жогорулатуу багытындагы демилгелерди колдоп келет. 

Эске салсак, ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.