1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

110

ЖАМУда билим күнү салтанаттуу белгиленди

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Окуу иштери боюнча проректор Сталбек Куваков студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга ийгиликтерди, алдыга койгон максаттарына жетүүнү каалады.

Университетте билим берүү сапатын жогорулатууга жана студенттер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди. Учурда университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жаңы окуу имараттары курулуп жатканы тууралуу маалымат берилип, студенттер үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөр айтылды.

Ошондой эле жаңы окуу жылында студенттерге сабак бере турган профессордук-окутуучулук курам тааныштырылды.

Иш-чаранын соңунда студенттер үчүн атайын даярдалган концерттик программалар катышуучуларга майрамдык маанай тартуулады.