ЖАМУнун ректору Усенов Кеңешбек Жумабековичтин Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу
Урматтуу ЖАМУнун эмгек жамааты! Кадырлуу окутуучулар жана кызматкерлер! Ардактуу студенттер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эгемендүүлүк элибиздин кылымдар бою эңсеген эркиндигинин, өз тагдырын өзү аныктоо укугунун жана мамлекеттүүлүгүнүн улуу белгиси. 31-август өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ, ар бир жарандын жүрөгүндө мекенчилдик сезимин ойготкон ыйык күн. Бүгүн биз эгемендүү Кыргызстандын жетишкендиктерине сыймыктануу менен бирге, өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчилигибизди да терең сезүүгө тийишпиз. Учурда Кыргызстанда экономиканы чыңдоого, инфраструктураны жаңылоого, билим берүү менен илимди өнүктүрүүгө багытталган ири иштер жүргүзүлүп жатат. Аны менен катар Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети да өз ордун татыктуу ээлеп келет.
Акыркы жылдары университетибизде масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашууда. Жаңы имараттардын жана инфраструктуралык объектилердин курулушу, окуу жайларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо, билим берүү чөйрөсүн жаңылоо иштери ырааттуу уланууда. Окутуучулар үчүн да татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, алардын кесиптик өсүүсүнө жана чыгармачылык потенциалын ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк берүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Анткени университеттин күчү анын заманбап имаратында гана эмес, билимдүү, изденген жана өз ишине берилген профессордук-окутуучулук курамында. Ошондой эле ЖАМУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүү багытындагы иштер жанданып, чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары жана илимий-билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга аракеттер көрүлүүдө. Академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлор жана эл аралык билим берүү программалары биздин университеттин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Илим – мамлекеттин интеллектуалдык күчү. Билим – коомдун өнүгүүсүнүн пайдубалы. Экономика – өлкөнүн туруктуулугунун негизги таянычы. Эркиндик – ушул мүмкүнчүлүктөрдү жоопкерчилик менен пайдаланууга берилген баалуулук.
Ошондуктан ЖАМУнун негизги милдеттеринин бири заманбап билимге ээ, илимий изденүүгө жөндөмдүү, эркин ой жүгүрткөн, мекенчил жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган жаштарды тарбиялоо.
Урматтуу студенттер!
Сиздер көз карандысыз Кыргызстандын келечегисиздер. Сиздердин билимиңиздер, эмгегиңиздер, жаңы идеяларыңыздар жана мекенге болгон жоопкерчилигиңиздер өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүүсүн аныктайт. Эгемендүүлүктү сактоо аны сөз менен даңазалоо гана эмес. Эгемендүүлүктү бекемдөө жакшы билим алуу, илимге умтулуу, адал эмгектенүү, өлкөнүн экономикасына салым кошуу жана коомдун өнүгүшүнө жоопкерчилик менен мамиле кылуу. Биз сиздерге ишенебиз. Анткени билимдүү жана эркин ой жүгүрткөн жаштар бар жерде мамлекеттин келечеги да кең болот.
Урматтуу кесиптештер!
ЖАМУнун бүгүнкү жетишкендиктери жалпы жамааттын биргелешкен эмгегинин натыйжасы. Алдыда дагы көптөгөн милдеттер жана жаңы бийик максаттар турат.
Биздин максат ЖАМУну билим берүү, илим, инновация жана эл аралык кызматташтык жаатында атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап университет катары өнүктүрүү. Бул жолдо ар бириңиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, демилгеңиздерге жана колдооңуздарга таянабыз.
Эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалы бекем, келечеги кең болсун!
Кыргызстандын тынчтыгы, элибиздин ынтымагы жана биримдиги бекемделе берсин! Өлкөбүздүн экономикасы өсүп, илим-билимибиз дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлсүн!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү кут болсун!
Урматтоо менен,
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Усенов Кенешбек Жумабекович