1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

18 часов назад

91

ЖАМУда 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу башталды

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү расмий түрдө башталды.

Кабыл алуу комиссиясында талапкерлер жана алардын ата-энелери үчүн бардык зарыл маалыматтар жайгаштырылып, адистер тарабынан кесип тандоо, кабыл алуу тартиби жана документтерди тапшыруу боюнча кеңири консультациялар берилүүдө. Комиссиянын мүчөлөрү абитуриенттер менен жекече иш алып барып, кызыктырган бардык суроолорго жооп беришет.

Талапкерлер жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде университеттин институттары жана колледждери тарабынан сунушталган жогорку жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча өздөрү каалаган адистиктерди тандай алышат.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бекиткен графикке ылайык, 2026–2027-окуу жылына кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен жүргүзүлөт.

Кабыл алуу турларынын мөөнөттөрү:

  • биринчи тур — 13-июлдан;
  • экинчи тур — 20-июлдан;
  • үчүнчү тур — 27-июлдан;
  • төртүнчү тур — 3-августтан;
  • бешинчи тур — 10-августтан.

Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандалган билим берүү программасы боюнча окууга болгон макулдугун ырастоо этаптары өткөрүлөт.

ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясы Манас шаары, Р. Азимов көчөсү, 49 дарегинде жайгашкан.

Келечегиңизге бүгүнтөн баштап ишенимдүү кадам таштаңыз! ЖАМУ – сапаттуу билим жана кеңири мүмкүнчүлүктөр!