Илим министрлиги 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди тандоо жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу турларынын графигин бекитти
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти.
Бекитилген графикке ылайык, кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт.Турлардын башталуу мөөнөттөрү:* биринчи тур — 13-июлдан;* экинчи тур — 20-июлдан;* үчүнчү тур — 27-июлдан;* төртүнчү тур — 3-августтан;* бешинчи тур — 10-августтан.
Ар бир турдун алкагында абитуриенттерди каттоо, окууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жарыялоо жана алардын тандаган жогорку окуу жайында билим алууга макулдугун ырастоо этаптары жүргүзүлөт. Бешинчи тур аяктагандан кийин бош орундар калган учурда, 22-августка чейин рейтингдик тизмелердин негизинде кошумча кабыл алуу жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алуу жана конкурстук тандоого катышуу «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Эске салсак, жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Өзгөчө учур катары искусство жана дене тарбия багыттары боюнча кошумча кирүү сынактары белгиленген тартипке ылайык өткөрүлөт. Министрлик абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн ар бир этабынын мөөнөттөрүнө кылдат көңүл бурууга жана кабыл алуу боюнча макулдугун автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өз убагында ырастоого чакырат. Платформага шилтеме: https://2020.edu.gov.kg/vuz
Министерство науки утвердило график проведения туров отбора и зачисления абитуриентов на 2026–2027 учебный год Министерство науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики утвердило график проведения туров отбора и зачисления абитуриентов в образовательные организации высшего профессионального образования по итогам Общереспубликанского тестирования (ОРТ) на 2026–2027 учебный год. Согласно утвержденному графику, приемная кампания пройдет в пять основных туров:
График начала туров:* первый — с 13 июля;* второй — с 20 июля;* третий — с 27 июля;* четвертый — с 3 августа;* пятый — с 10 августа.В каждом туре предусмотрены регистрация абитуриентов, публикация списков рекомендованных к зачислению и подтверждение ими намерения обучаться в выбранном вузе.
В случае наличия вакантных мест после завершения пятого тура предусмотрено дополнительное зачисление по ранжированным спискам до 22 августа. Прием документов и участие в конкурсном отборе будут осуществляться в онлайн-формате через платформу «Абитуриент Онлайн». Напомним, зачисление в высшие учебные заведения осуществляется по результатам Общереспубликанского тестирования (ОРТ). Исключение составляют направления подготовки в области искусства и физической культуры, где предусмотрены дополнительные вступительные испытания в соответствии с установленным порядком. Министерство призывает абитуриентов внимательно следить за сроками каждого этапа приемной кампании и своевременно подтверждать свое согласие на зачисление через автоматизированную информационную систему приема. Ссылка на платформу: https://2020.edu.gov.kg/vuz