1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

47

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруу үчүн босого баллдарды бекитти

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллдарын бекитти.

Белгиленген босого баллдар мамлекеттик билим берүү грантына конкурс аркылуу өтүүгө, ошондой эле контракттык негизде окууга кабыл алуу үчүн коюлган минималдуу талап болуп саналат. Конкурска босого баллга тең же андан жогору упай топтогон абитуриенттер гана катыша алышат.

Жогорку кесиптик билим берүү: Көпчүлүк даярдоо багыттары боюнча негизги тесттин босого баллы 110 балл болуп белгиленди.Айрым багыттар үчүн өзүнчө босого баллдар каралган:• педагогикалык багыттар – гранттык орундар үчүн 130 балл, контракттык окуу үчүн 115 балл;• саламаттык сактоо багыттары – гранттык орундар үчүн 120 балл, контракттык окуу үчүн 110 балл;• айыл чарба багыттары – 100 балл;• аскердик билим берүү багыттары – 90 балл.Предметтик тесттер боюнча (англис тили, химия, биология, физика, тарых, математика, кыргыз тили жана орус тили) минималдуу босого балл 60 баллды түзөт.

Орто кесиптик билим берүү (колледждер): Көпчүлүк адистиктер боюнча негизги тесттин босого баллы 90 балл болуп белгиленди.Айрым адистиктер үчүн төмөнкү талаптар каралган:• педагогикалык адистиктер – гранттык орундар үчүн 95 балл, контракттык окуу үчүн 90 балл;• саламаттык сактоо тармагындагы адистиктер – гранттык орундар үчүн 95 балл, контракттык окуу үчүн 90 балл;• айыл чарба адистиктери – 80 балл.Предметтик тесттер боюнча минималдуу босого балл 40 баллды түзөт.Мындан тышкары, I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар, бала кезинен майыптыгы бар адамдар, жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар (медициналык жана фармацевтикалык багыттардан тышкары) үчүн өзүнчө босого баллдар белгиленген. Алар үчүн жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууда босого балл 90 баллды, ал эми орто кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууда 70 баллды түзөт.Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги абитуриенттерге кабыл алуу шарттары менен алдын ала кылдат таанышып чыгып, тандаган даярдоо багыты боюнча бекитилген босого баллдарды эске алуу менен 2026–2027-окуу жылындагы кабыл алуу өнөктүгүнө катышууну сунуштайт.Адистиктердин тизмеси шилтемеде:https://docs.google.com/.../15syDd9D9cN9afl140CgB.../edit...