1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

ЖАМУда окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылууда

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыктары боюнча жылдык отчетторду тапшыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Окуу жайдын институттарында жана колледждеринде 2025-2026-окуу жылында аткарылган окуу, окуу-усулдук, илимий изилдөө жана коомдук-тарбиялык иштердин отчеттору даярдалып жыйынтыктоочу иш-чаралар, конференциялар, институттардын окумуштуулар кеңешинин жыйындары жана колледждердин педагогикалык кеңешинин отурумдары жүрүп жатат.

2026-жылдын 24-июнь күнү ЖАМУнун филология  институтунун 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыктоочу иш-чарасына жана институттун окумуштуулар кеңешинин отурумуна ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, философия илимдеринин доктору, профессор Гулдана Самидиновна Токоева, карьераны өнүктүрүү жана  өндүрүштук практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жакып Бакирович Шамиев, окуу бөлүмүнүн кызматкери Сулайманова Гулен катышты.

Окуу жылынын жыйынтыгы боюнча филология институтунун отчетун угуу менен бирге, келечекте окуу, окуу-усулдук иштерди өнүктүрүү, илимий-изилдөө иштеринин илгерилетүү, тарбиялык иштерди пландоо боюнча сунуштар айтылды.

Жыйында илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, ф.и.д, профессор Г.С.Токоева филология институтунун жамаатына аткарган иштери боюнча сунуштарын айтуу менен илимий-изилдөө университеттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыты экендигин белгиледи. Ошондой эле ЖАМУнун ректору К.Ж. Усеновдун атынан ыраазычылык билдирди.