1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

82

ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАЛАРДЫ ИЗДЕНҮҮЧҮЛӨРДҮН (ДОКТОРАНТТАР ЖАНА АСПИРАНТТАР) VII МЕКТЕБИ

2026-жылдын 18–19-июнь күндөрү Ош шаарындагы М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, министрликке караштуу Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) жана Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулган Окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн (докторанттар жана аспиранттар) VII мектеби өткөрүлдү.

Иш-чарага өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жана илимий-изилдөө мекемелеринин жетекчилери, докторанттар, аспиранттар жана окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөр катышып, илимий кадрларды даярдоо, диссертациялык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана илимий ишмердүүлүктөгү актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашышты.

Аталган иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өкүлдөрү да активдүү катышышты. Тактап айтканда, университеттин илим жана инновациялар боюнча проректору Токоева Гулдана Самидиновна пленардык жыйында сөз сүйлөп, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоодогу университеттин тажрыйбасы, илим менен билим берүүнүн интеграциясын өнүктүрүү, ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдү колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мектептин программасынын алкагында катышуучулар үчүн «Жасалма интеллект жана илимий эмгектердин оригиналдуулугу», «Диссертациянын темасын тандоо жана анын илимий жаңылыгын аныктоо жолдору», «SCOPUS журналдарына илимий макалаларды жазуунун жана берүүнүн практикалык аспектилери», ошондой эле ЖАКтын талаптары жана диссертациялык иштерди уюштуруу маселелери боюнча лекциялар жана практикалык машыгуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле ЖАМУдан келген аспиранттар мектептин бардык сессияларына катышып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, диссертацияларды даярдоо жана эл аралык илимий басылмаларга макала жарыялоо боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, Ош шаарынын тарыхый-маданий мурасы менен тааныштыруу максатында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексине экскурсия уюштурулду.

Мындай иш-чаралар жаш окумуштуулардын илимий потенциалын жогорулатууга, илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өлкөдөгү илимдин өнүгүшүнө салым кошууга өбөлгө түзөт.