1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

100

ЖАМУда «Билим кербени – 2026»

 «Билим кербени – 2026» иш-чарасы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. Ага мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондунун бөлүм башчысы, ЖАМУнун окутуучулары, студенттер жана инновациялык конкурстун жеңүүчүлөрү катышып тажрыйбалары менен бөлүштү. Анын  алкагында инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилип, аларды ишке ашыруунун заманбап ыкмалары боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.

Ошондой эле автордук укук, интеллектуалдык менчикти коргоо жана патент алуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилип, адистер катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Бул билим берүү менен инновацияны айкалыштырып, жаштардын жаңы идеяларын колдоого жана илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырууга жол ачат.

Бул студенттердин жана окутуучулардын илимий-изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттырып, жаңы идеялардын жаралышына жана кызматташтык байланыштардын чыңдалышына өбөлгө түзөт.