1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 часа назад

11

Бүтүрүү кечеси - 2026

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу узатуу аземи өткөрүлдү. Салтанант шаңдуу маанайда өтүп, бүтүрүүчүлөр чогуу ырдап, студенттик күндөрү менен коштошкон таасирдүү көз ирмемдер майрамдын көркүн ачты. Майрамдык иш-чарага университеттин ректору Кеңешбек Усенов, Манас шаарынын вице-мэри жана  профессордук-окутуучулук курам, бүтүрүүчүлөр, алардын ата-энелери жана жакындары катышты. Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчиси бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги кесиптик жолуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү, илимий, маданий жана спорттук иш-чаралардагы ийгиликтери менен айырмаланган студенттер университеттин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Майрамдык кече бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу программасы, таланттуу студенттердин концерттик номерлери жана кызыктуу оюн-зооктор менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Белгилей кетсек, Жалал-Абад мамлекеттик университетин 2025–2026-окуу жылында жалпы 3 миңден ашуун студент ийгиликтүү аяктоодо. Алардын 1700дөн ашууну институттардын бүтүрүүчүлөрү болсо, 1300дөн ашыгы колледждерди аяктагандар.