1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

72

"Июнь дебюту» Пушкин балы өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде улуу орус акыны Александр Сергеевич Пушкиндин туулган күнүнө арналган салтанаттуу «Июнь дебюту» Пушкин балы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттерди көркөм адабиятка, искусствого жана эстетикалык баалуулуктарга кызыктыруу, ошондой эле XIX кылымдын маданий салттарын жаштарга таанытуу болду.

Балдын жүрүшүндө катышуучулар классикалык бийлерди аткарып, Пушкиндин чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. Кечеде ошол доордун өзгөчө маданий атмосферасы чагылдырылып, конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

Иш-чарага негизинен биринчи курстун студенттери катышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана сахна маданиятын көрсөтө алышты.

Ошондой эле балдын жыйынтыгында «Балдын ханышасы» жана «Балдын ханзадасы» наамдарынын ээлери аныкталып, атайын белектер тапшырылды.