1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

25

ЖАМУда “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин чыгармачылык жөндөмүн жана командалык ынтымагын өнүктүрүүгө багытталган “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка университеттин институттары менен колледждеринин студенттери активдүү катышып, көркөм өнөр, сахналык маданият жана чыгармачылык багыттар боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эң мыкты деп табылган номерлер чоң концерттик программага киргизилип, көрүүчүлөрдүн назарына сунушталды. Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Филология институту,

2-орун  эки командага Педагогикалык колледжи жана  Чет тилдер колледжи,

 3-орунду Экономика жана укук институту  жана Агрардык-техникалык институтунун командалары багындырып  атайын сыйлыктарга татыктуу болушту.

Жыйынтыктоочу иш-чаранын алкагында жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга университеттин дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды. Уюштуруучулардын белгилөөсүндө мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылык потенциалын арттырып, окуу жайдын коомдук турмушуна активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.