1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

24

Курман айт майрамы менен ректордун куттуктоосу 

Урматтуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары, кызматкерлери, студенттери жана жалпы мекендештер!

Сиздерди мусулман элинин ыйык майрамдарынын бири болгон  Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт  боорукерликтин, кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун жана ынтымактын майрамы. Бул күндөрү ар бир адам жакшылыкка умтулуп, муктаждарга жардам берип, бири-бирине жылуу сөз айтып, кечиримдүүлүккө кадам таштайт.

Элибиздин биримдиги бекем болуп, ар бир үйдө тынчтык, береке жана бакыт өкүм сүрсүн. Эч бир мусулмандын башына кайгы-капа жетпесин! Эч качан башыбыздан бакыт, үйүбүздөн тынчтык, коломтобуздан жылуулук, ортобуздан достук, жамаатыбызда ынтымак, ЖАМУдан береке кетпесин!

 Өлкөбүздө тынчтык орноп, жаштарыбыз билимдүү, мекенчил болуп өсө берсин. Жараткан баарыбызды ыйманда, ибадатта бекем кылып, өзү жакшы көргөн пенделеринин катарынан кылган болсун! Кыямат күнүндө жүзүбүздү жарык кылып, баарыбызга бейишке кирүүнү насип кылсын!

Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору

Усенов Кенешбек Жумабекович