1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

42

ЖАМУда өткөн “Модель СНГ” студенттик конференция

Жалал-Абад мамлекеттик университети жана “Евразия Кей Джи” коомдук фонду менен биргелешип уюштурулган “Модель СНГ” аттуу студенттик конференция Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жогорку деңгээлде өттү. Аталган иш-чарага Жалал-Абад облусундагы жогорку окуу жайлардын лидер, билимдүү жана активдүү студенттери катышып, эл аралык мамилелер, жаштар саясаты жана коомдук өнүгүү багытындагы актуалдуу темалар боюнча өз көз караштарын билдиришти.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ролун аткарып, маселелерди талкуулоо аркылуу дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү моделдештиришти. Студенттер докладдарды жасап, өз позицияларын жүйөлүү аргументтер менен коргоп, дебаттарга активдүү катышышты. Ошондой эле иш-чаранын алкагында атайын резолюциялар даярдалып, биргелешкен сунуштар иштелип чыкты.

Иш-чаранын соңунда дебаттарда өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн студенттер атайын дипломдор тапшырылып, концерттик программа менен жыйынтыкталды