1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

100

Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин бет ачаары

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жазуучу, педагогика илимдеринин доктору, профессор жана башталгыч класстар үчүн “Алиппе” китебинин авторлорунун бири Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз наркы” китебинин бет ачаары болду.

Иш-чарага профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышып, китептин мазмуну, тарбиялык мааниси, улуттук нарктарды даңазалоодогу орду тууралуу маалымат алышты.

Автор “Кыргыз наркы” темасында баяндама жасап, улуттук баалуулуктар, тарбия, үй-бүлө, кызмат, сөз, бата, табият, жүрүм-турум маданияты сыяктуу түшүнүктөр китепте элдик мисалдар менен түшүндүрүлгөнүн айтат.

Өзгөчө бала тарбиялоодо, мектеп, балдар бакчасында китептеги мисалдарды эске алуу менен колдонулса, улут уңгусун баалаган муунду өстүрө алабыз. Китепте көптөгөн түшүнүктөр жатык тил менен жалпыга түшүнүктүү кылып бирдиктүү система катары баяндалган.

Иш-чаранын соңунда педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаевди шакирттери жаңы эмгеги менен куттуктап, окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланды.