1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

70

"Аалам аралаган адабият” эл аралык конференциясы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана академик Абдылдажан Акматалиевдин 70 жылдыгына арналган “Аалам аралаган адабият” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Илимий жыйында кыргыз адабиятынын өнүгүшү, Айтматов таануу жана улуттук илимдин келечеги тууралуу кеңири сөз болду. Абдылдажан Акматалиев 40 жылдан ашуун убактысын кыргыз адабиятына арнаган. Ал жаш кезинен эле өтө изденчээк, өжөр адам болгон. Анын замандаштары агайдын максатына жетмейинче токтобогон мүнөзү бар экенин айтат. Илимге болгон кызыгуусу аны чоң бийиктиктерге алып келди дешет. Акматалиев кыргыз адабиятына чоң салым кошкон окумуштуу. Айтматов таануу илимин өнүктүрүп, көптөгөн эмгектерди жаратты. Анын изилдөөлөрү бүгүнкү жаш окумуштуулар үчүн чоң мектеп болуп эсептелет. Учурда 100дөн ашуун шакирттери бар, анын кеңешчилигинин астында көптөгөн илимий иштер жарык көргөн. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунда академиктин демилгеси менен Айтамтовдун чыгармаларын изилдөөчү атайын бөлүм ачылып 100 жылдыка карата даярдык жүргүзүлүп келет. Абдылдажан Акматалиев илимий конференция жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындай саамалыктар аркылуу жаштарды илимге кызыктыруу керектигин айтып өттү. Конференциянын алкагында даректүү тасма көрсөтүлүп, китеп жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Иш-чарага окумуштуулар, маданият өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана коомдук ишмерлер катышты. “Аалам аралаган адабият” аттуу эл аралык илимий конференция кыргыз адабиятынын баалуулуктарын даңазалап, илим менен маданияттын байланышын дагы бир ирет бекемдеди. Абдылдажан Акматалиев кыргыз адабиятына чоң салым кошкон окумуштуу. Айтматов таануу илимин өнүктүрүп, көптөгөн эмгектерди жаратты. Анын изилдөөлөрү бүгүнкү жаш окумуштуулар үчүн чоң мектеп болуп эсептелет. Учурда 100дөн ашуун шакирттери бар, анын кеңешчилигинин астында көптөгөн илимий иштер жарык көргөн.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунда академиктин демилгеси менен Айтамтовдун чыгармаларын изилдөөчү атайын бөлүм ачылып 100 жылдыка карата даярдык жүргүзүлүп келет.  Абдылдажан Акматалиев илимий конференция жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындай саамалыктар аркылуу жаштарды илимге кызыктыруу керектигин айтып өттү. Аны менен катар жаш окумуштууларга үлгү болуп, ар тармактан илим изилдеген адистер чыкса деген оюн билдирет.  Конференциянын алкагында даректүү тасма көрсөтүлүп, китеп жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду. Иш-чарага окумуштуулар, маданият өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер жана коомдук ишмерлер катышты. “Аалам аралаган адабият” аттуу эл аралык илимий конференция кыргыз адабиятынын баалуулуктарын даңазалап, илим менен маданияттын байланышын дагы бир ирет бекемдеди.