1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

37

Улуу жеңишти алып келген баатырлардын эрдигин, мектеп окуучулары эскеришет

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инновациялык мектебинин окуучулары тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда Кыргызстандык жоокерлердин жасаган эрдиктери даңазаланды.

Иш-чарада Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин тарыхый эрдиги өзгөчө белгиленип, анын душмандын дзотун көкүрөгү менен жапкан эрдиги Александр Матросовдон сегиз ай мурда аткаргандыгы баяндалган.

Ошондой эле Кыргызстандын өнөр жайынын согуштагы орду көрсөтүлүп, Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурма комбинаттарынын улуу жеңишке кошкон салымы айтылды.

Окуучулар көркөм окуп, патриоттук ыр-бийлерди аткарышып, өзгөчө Жалал-Абад облусунан чыккан баатырлардын элесине басым жасашкан.

Салтанат жаштарды мекенчилдикке тарбиялап, тарыхый эс тутумду сактоого багытталды.