1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

107

ЖАМУда “Маариф” фонду менен билим берүү багытындагы кызматташтык талкууланды

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Кыргызстан Маариф” фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Университеттин ректору менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу пикир алышуулар жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү сапатын жогорулатуу, мектеп жана жогорку окуу жайлар ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле жаштарга заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маселелери талкууланды.

Тараптар келечекте билим берүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштарын айтышты.

Иш-чарага “Кыргызстан Маариф” фондунун директорунун академиялык маселелер боюнча орун басары Кыялбек Акматов, “Маариф” фондунун “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Рахми Орал, “Маариф” фондуна караштуу “Курманбек баатыр” балдар лицейинин директору Абдулкадир Читил, “Маариф” фондунун “Зуура Нурматова” кыздар лицейинин директору Рефика Читил катышты