1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

66

Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны

"Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин" Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Жыйынды Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы Тилекеев Каныбек Аттокурович ачып, күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырып өттү. Күн тартибиндеги маселелер боюнча окуу жайыбыздын башкы эсепчиси П.М.Абдыкадыров кеңири маалымат берип, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык эмгек акыларды көтөрүү, 2026-2027-окуу жылына карата келишимдик акыларынын жана билим берүүдөгү акы төлөө менен кызмат көрсөтүүлөрдүн Тарифтик-Прейскурантын бекитүү ошондой эле ар түрдүү маселелер камтылган жыйын болуп өттү. Жыйынтыгында кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан сунуш, пикирлер айтылып, жогорудагы маселелер колдоого алынаары белгиленди. Жыйындын соңунда Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин жана медиа борбордун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышып, ишмердүүлүгүнө изги ийгиликтерди каалап өтүштү.