1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

120

ЖАМУ Түркия университети менен кош диплом берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов Түркиянын Ден соолук илимдери университетинин окуу иштери боюнча проректору Юнус Каракос Хосамды кабыл алды.

Жолугушууда биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү, анын ичинде кош диплом берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү каралган. Ошондой эле студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу жана квалификацияны жогорулатуу иш-чараларын өткөрүү пландалууда.

Ошондой эле, тараптар медицина тармагында илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүүгө, эл аралык конференцияларды, семинарларды жана тренингдерди уюштурууга өзгөчө көңүл бурушат. Заманбап окутуу технологияларын киргизүү, клиникалык базаларды натыйжалуу пайдалануу жана студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү да кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.Тараптар студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн учурда эки тараптуу меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Учурда бул багытта сүйлөшүүлөр уланууда.

Жолугушууда академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү маселелери да көтөрүлдү. Бул кызматташтык ЖАМУнун эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.