1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

142

ЖАМУда “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ачык эшиктер күнү” уюштурулуп, Жалал-Абад облусунун район, шаарларынан мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер жана мугалимдер катышты.

Негизги максат университеттин шарттарын,  билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, институт, колледждерди кеңири тааныштырып, маалымат берүү.   Ошондой эле бүтүрүүчүлөр университеттин окуу корпустары, лабораториялары, заманбап инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышышты. Ар бир аудиторияга кирип өздөрүн бир саамга студент сезүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Саамалыктын алкагында концерттик программа уюштурулуп, университеттин чыгармачыл студенттери өз өнөрлөрүн тартуулашты

Ал эми университеттин ректору, техника илимдеринин доктору Кеңешбек Усенов ЖАМУ жылдан-жылга жаңыланып, студенттерге өзгөчө шарттар түзүлүп жатканын, чет өлкөлөр менен кызматташуу мыкты экендигин, окуу менен катар башка өлкөгө барып тажрыйба топтоп келүүгө шарттар бар экенин белгиледи.