1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Окуучулардын компетенцияларын өнүктүрүү(Жумуш ордунаокутуу)

Педагогикалык колледждин башталгыч класстарда окутуу адистигинин 3-курстарынын студенттерине  шаарыбыздагы  №19 И.Сатыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде мамлекеттик практика учурунда жумуш ордунда окутуу болуп өттү. Бул иш-чара практика жетекчиси Ү.Т.Кайкиева тарабынан уюштурулуп, практикант-студенттер менен бирге мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.М.Эргашева да биргеликте катышып, практиканттарга окуучулардын компетенцияларын өнүктүрүүдөгү иш-аракеттер, аларды ишке ашыруудагы  көндүмдөр  боюнча маалыматтар берилди.

Студент-практиканттар практика мезгилиндеги окуучулар, мугалимдер жана жалпы жамаат  менен болгон карым-катыш жөнүндө өз ойлорун ортого салышты жана өткөрүлгөн  тема боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорду бере алышты.

     Ар бир практикант-мамлекеттик практика учурундагы усулдук жактан үйрөнгөн методдору, жетишкен ийгиликтери боюнча ой бөлүштү.

Студент-практиканттардын амлекеттик практикада педагогикалык практика учуруна караганда такшалгандыктарын,изилденгенгиктерин көрүүгө болот.

Бүгүнкү жумуш ордунда окутуу студенттер үчүн пайдалуу болуп,жыйынтыгын берет деген ишеничтебиз