1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

194

ЖАМУ: Профессор Э. Уметовдун жаркын элесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жогорку билим берүү тармагындагы көрүнүктүү педагог жана окумуштуу, профессор Эгемберди Уметовдун 90 жылдык мааракесине арналган «Жогорку билим берүүнүн педагогикасы жана илим туруктуу өнүгүүнүн контекстинде: билим берүүнүн салттары, инновациялары жана глобалдык чакырыктар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринен келген окумуштуулар, актуалдуу темалар боюнча баяндамаларын сунушташты. Иш-чаранын алкагында билим берүү багытында секциялык жыйындар, конок лекциялар уюштурулуп, тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Илимий-практикалык конференциянын экинчи бөлүгү пленардык жыйын менен уланды. Анда катышуучулар жогорку билим берүүнүн заманбап көйгөйлөрү, санариптештирүү процесстери жана инновациялык ыкмалар боюнча пикир алышты. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Салтанат Жапарова «BilimMentor» платформасынын билим берүү процессин санариптештирүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады. Бул мугалимдер жана студенттер үчүн ыңгайлуу. Иш-чарада профессор Эгемберди Уметовдун педагогика илимине кошкон зор салымы өзгөчө белгиленип, анын эмгек жолу жана илимий мурасы жогору бааланды. Ал ЖАМУнун педагогика факультетинин алгачкы деканы катары билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Аталган эл аралык илимий-практикалык конференция жогорку билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого, илимий байланыштарды чыңдоого жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.