1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

128

ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү - учурдагы иш берүүчүлөр

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Келген иш берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү университеттин бүтүрүүчүлөрү.

Жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору ишкананын өкүлдөрү менен жолугуп, билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо, студенттерди практикага тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Иш берүүчүлөр студенттер менен да жолугуп, өздөрүнүн иш тажрыйбасы, тармактагы мүмкүнчүлүктөр жана талаптар тууралуу маалымат беришти. Студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алып, келечектеги кесиптик багыттары боюнча пайдалуу кеңештерге ээ болушту.

Бул жолугушуу университет менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.