1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

199

ЖАМУда ветеринария багыты боюнча дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жаңы долбоор ишке ашырылууда

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттер жана окутуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу багытында иштер улантылууда. Учурда ветеринария кафедрасында илимий жана практикалык иштерди толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында атайын лабораториялык бөлмө даярдалууда.

Окутуучулар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте жаңы долбоор иштеп чыгышкан. Аталган демилге Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу, Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоор ишке ашса ветеринария тармагында малдарды жасалма уруктандыруу жана хирургиялык кызмат көрсөтүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздоо каралууда. Бул өз кезегинде студенттердин практикалык билим алуусун жакшыртып, адистерди сапаттуу даярдоого өбөлгө түзөт.

Бүгүн окуу жайдын даярдыгы жана жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу максатында Дүйнөлүк банктын айыл чарба боюнча консультанты Дэвид Лагг, Агробизнестин атааңдаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун (ЦКА) директору Беков Торогул, Жалал-Абад облустук кеңсесинин өкүлдөрү Алмазбек Эшенкулов жана Азамат Омурзаков, Дүйнөлүк банктын улук адиси Талайбек Кошматов университетке келишти.

Конокторду университеттин ректору К. Усенов кабыл алып, аларга окуу жайда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.