1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

138

ЖАМУ спорт, студенттик олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырды

Бүгүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин административдик кеңешинде спорттук жана мамлекеттик тил боюнча студенттер арасында өткөн сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Бишкек шаарында өткөн КРнын жогорку окуу жайларынын арасындагы Универсиада–2026 мелдешинин алкагында бокс боюнча (жогорку лига) беттештер жыйынтыкталып, бул ири спорттук иш-чарага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бокс боюнча курама командасы да активдүү катышып, бир катар жогорку жыйынтыктарды көрсөтө алды.

Жетишкендиктер:

•           50 кг чейин — Абдулло Муахаликов  3-орун;

•           55 кг чейин — Эрбол Назорбаев  3-орун;

•           60 кг чейин — Темир Мадаминжанов 2-орун;

•           65 кг чейин — Ооматбек Белекбаев  3-орун;

•           70 кг чейин — Даврон Осмонов 3-орун;

•           75 кг чейин — Бекмырза Абдукариов  3-орун;

•           85 кг чейин — Мухаммадазиз Закиров  1-орунду ээледи.

Команданы тажрыйбалуу машыктыруучу Мамасалиев Жыргал Аямидинович жетектеди.

Бул жолку универсиадага өлкөнүн 12 жогорку окуу жайынан 100дөн ашуун студент-спортчулар катышып, жогорку деңгээлдеги атааңдаштыкта күч сынашты.

Ошондой эле, 4-6-апрель күндөрү Өзбекстандын Ургенч шаарында өткөн Азия чемпионатында спорттун каратэ-до түрү боюнча 60кг салмак категория боюнча беттеште 1-орунду ЖАКтын ОКк-1-24 тайпасынын студенти Абдуллаева Айтурган 1-даражадагы диплом, алтын медалы менен сыйланып, чемпиондун курун тагынды.

“Улуттук дем –дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыкты жүзөгө ашыруу алкагында Заманбап эл аралык университетинде уюштурулган  республикалык ЖОЖдор аралык студенттер арасында “Улуттук уңгу – улуттун келечеги” аталышындагы мамлекеттик тил боюнча студенттик олимпиада болуп, ага республкадагы 9 жогорку окуу жайдын суденттери катышты. Олимпиадага ЖАМУнун Филология институтундагы кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын "Мамлекеттик тил"  ийриминин мүчөлөрү -  ТИББ(Б)-1-25 тайпасынын студенттери Жорабаев Жавохир, Кочконбаева Аксана, П-1-25 тайпасынан Авбакирова Дилнозалар катышып,  алар топтук долбоор иштеп чыгуу тапшырмасын мыкты даярдашып, "Мыкты видео тасма" номинациясында 1-орунду ээлешп, Ардак грамота жана баалуу сыйлык менен сыйланышты. 

Жеңүүчүлөрдү окуу жайдын ректору К. Усенов куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Бул ийгилик жалпы окуу жайдын сыймыгы экенин белгилеп, ийгиликке жетүү чүн бардык шарттарды түзүп берерин кошумчалады.