1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

Улуттук рейтинг-2025: ЖАМУнун колледждери алдыңкы орундарды ээледи

Өлкөдө орто кесиптик билим берүү уюмдарынын улуттук рейтинги чыгарылып, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты. Рейтингдин максаты – орто кесиптик билим берүү мекемелеринин атааңдаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледждери катышып, жыйынтыгында өлкө боюнча 1-орунду ЖАМУнун педагогика колледжи алса, орто кесиптик билим берүү программалары боюнча 050303 чет тилдер колледжи да 1-орунду ээледи, ал эми орто кесиптик билим берүү программалары боюнча 230109 “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо” багыты боюнча Жалал-Абад колледжи 2-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдү бүгүн окуу жайдын ректору К. Усенов куттуктап, сыйлыктарын тапшырды.