1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

129

ЖАМУда  «Интернеттеги коопсуздук маданияты» аталышында студенттер жана ата-энелер үчүн иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Интернеттеги коопсуздук маданияты» аталышындагы иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын максаты  ата-энелерге, студенттерге интернет мейкиндигинде коопсуз жүрүм-турумду калыптандыруу, кибер кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын улук прокурору Санжар Ташбаев, Жалал-Абад ОИИБдин КИБнин ыкчам өкүлү, милициянын майору Самаган Абдыжапаров жана ЖАМУнун тийиштүү адистери, Mega Com компаниясынын корпоративдик бөлүмүнүн кызматкери катышты.

Адистер тарабынан кибер коопсуздук, жалган маалыматтардын жайылышы, санариптик маданият жана маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча баяндамалар жасалды. Катышуучуларга заманбап коркунучтар жана алардан коргонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, практикалык сунуштарын беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар суроолоруна  жоопторду алышты.

Бул иш-чара акыркы кездерди интернет аркылуу алдагандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу ата-энелердин жана студенттердин маалыматтык коопсуздук боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана санариптик чөйрөдө жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга багытталган.