1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

114

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин АКШ Элчилиги менен кызматташуусу күчөтүлөт

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде АКШ Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Университеттин ректору АКШ элчилигинин өкүлдөрү Джефри Бантинг жана Наталья Джуманалиева менен жолугуп, билим берүү тармагындагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун алкагында англис тилин өнүктүрүү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана студенттер үчүн эл аралык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелер каралды.

Иш сапарынын жүрүшүндө делегация университетте ыктыярчы катары иш алып барып жаткан Аурелия Ван дер Уайлдын сабагына катышып, анын окутуу ыкмаларына баа беришти. Ошондой эле АКШ элчилигинин англис тили программалары боюнча координатору Наталья Джуманалиева тарабынан ЖАМУнун англис тили окутуучулары үчүн атайын тренинг өткөрүлөрү белгиленди.

Мындан сырткары АКШ элчилигинин маданият иштери боюнча кызматкери Джефф Бантинг тарабынан Fulbright алмашуу программалары тууралуу кеңири презентация сунушталып, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды.