1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

362

ЖАМУнун аспиранттары жаңы ыкма менен жасалган операцияларга катышууда

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин аспиранттары менен биргеликте тубаса жүрөк кемтиги бар бейтаптарга заманбап ыкма менен операциялар жасалууда.  

Адистердин айтымында, операция болгону 10 мүнөттүн ичинде аяктайт. ЖАМунун медицина багытында билим алып жаткандар бул жайда илимий иштер менен катар практика да өтөөгө болот. Ал үчүн борбордо бардык шарттар каралган.

Процесс  учурунда ЖАМУнун профессорлору жана жүрөк хирургтары тарабынан сырттан компьютер аркылуу көзөмөл жүргүзүлүп турду. Бул иш учурунда кемчилик кетпөөсү үчүн маанилүү. . .

Заманбап ыкмада операция бейтаптын буту аркылуу жүргүзүлүп, жүрөккө жетип, кемтик болгон тешикче калыбына келтирилет. Бул ыкма бейтаптын организмине жеңилирээк таасир берип, тез сакайып кетишине шарт түзөт.

Мындан сырткары, акыркы учурда кадр маселесин чечүү максатында борбор Жалал-Абад мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташып, практикалык иштерди биргелешип жүргүзүп келет. Университетте аспирантурада билим алып жаткан жаш адистер да келип, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышууда.