1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

229

ЖАМУнун спортчулары республикалык мелдеште алдыңкы орундарды ээлешти

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спортчулары республикалык мелдештен ийгилик менен кайтышты. Аларды ЖАМУнун ректору К. Усенов куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Алар Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун мыктысы Токтобай Тажиматовдун жаркын элесине арналган жеңил атлетика боюнча республикалык мелдешке катышып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын ДТ-1-23 тайпасынын студенттери Акматов Асхат 400 метр аралыкта чуркоо боюнча 3-орунду ээлесе, Кулмырзаев Марлис 800 метр аралыкта 3-орунду багындырган. Ал эми Бишкек шаарында өткөн армрестлинг боюнча Республикалык чемпионатта ЖАМУнун медициналык колледжинин СД-1-25 тайпасынын студенти Хасанбаева Сыргайым 60 кг салмак категориясында жаштар (молодежь) арасында күч сынашып, жогорку жыйынтыктарды көрсөттү. Тактап айтканда, оң кол менен күрөшүүдө 2-орунду, ал эми сол кол менен күрөшүүдө 3-орунду ээледи. Ийгилик менен келген студенттерди ЖАМУнун ректору К. Усенов куттуктап ийгиликтерди каалады.