1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

105

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Кытай–Кыргыз достук багы” ачылды

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Кытай–Кыргыз достук багы” ачылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросу тарабынан окуу жайга ийне жалбырактуу дарактар белекке берилип, кеңири масштабдагы бак тигүү акциясы уюштурулду. Бул демилге университеттин аймагын жашылдандырууга гана эмес, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө да олуттуу салым кошот.

Аталган иш-чарага университеттин ректору К. Усенов, Кытай темир жол курулушунун үчүнчү бюросунун өкүлү Се Хайвэй, Манас шаарынын мэри А. Маткаликов, ошондой эле институт жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

“Кытай–Кыргыз достук багы”  бул эки өлкөнүн ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана пайдалуу кызматташтыктын символу болуп саналат. Мындан тышкары, ал жашыл өнүгүү принциптерин жайылтууга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында ЖАМУнун ректору К. Усенов өнөктөштөргө окуу жайдын атынан ыраазычылык каттарын тапшырды. Андан соң коноктор университетте жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, темир жол курулушу боюнча долбоордун презентациясына күбө болушту.