1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 месяца назад

75

“Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” 

Унутта калып жаткан каада-салттар, мекенчилдике үндөгөн жандуу ырлар, дем берген жалындуу бийлер, залды шаңга бөлөгөн жаштар. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы сынак бул жолу өзгөчө өттү. Студенттер арасында кызуу жүрүп жаткан сынактын кезеги филология институту менен чет тилдер колледжинде. Эки тараптын тең жаштарында өзгөчө аракетти байкоого болот. Сахнада алар билимин эле көрсөтүп койбой, каада-салтты мыкты билерин, катылган таланттары бар экенин көрсөтө алды. Муну залда олтургандардын маанайынан да билсе болот. Өспүрүм куракта жаштарга абайлап мамиле жасоо керек. Анткени соңку кездерде жаштардын сөз көтөрө албай ата-энелери менен чырдашкандары көбөйдү. Мындай учурда эки тараптан да кылдаттык талап кылынат. Психологдордун айтымында бала менен сырдашуу, достошуу керек делген. Бул сынак балдар менен ата-энелерди да жакындата алды. Анткени программада ата-эне менен баланын да өнөр көрсөтүүсү бар. Балдарын колдоп келген ата-энелерге да өзгөчө сезим калтырды. Саамалык ЖАМУну ар тараптуу даңазалоо жана студенттер арасында чыгармачылык байланышты жандандыруу, катышуучуларга элибиздин баалуулуктарын, маданиятын, нарк-насилдерин жайылтуу, максатында уюштурулган. Катышуучулардын аракетинен сынактын максатына жеткенин байкоого болот. Бул сынактын акыркы катышуучулары болду. Алдыда социалдык баракчалар аркылуу добуш берүү менен жыйынтык чыгарылат.  Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик ” Уңгужолу жөнүндө жарлыгына  карата ЖАМУнун  студенттери  арасында “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин  тилек” аталышында уюштурулган. Алдыда женүүчүлөр аныкталып окуу жай тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылат жана чоң программадагы концерт коюлат.