1. Башкы бет
  2. Басма сөз кызматы
  3. Жаңылыктар

10 месяцев назад

107

ЖАМУДА ПЕДАГОГ ОКУМУШТУУ Э.ҮМӨТОВГО АРНАЛГАН  КОНФЕРЕНЦИЯ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, 2024-жылы, 6-мартта университетте алгач түзүлгөн педагогика факультетин көп жылдар бою жетектеген, профессионалдуулугу, илимпоздугу, инсандык жана жетекчилик мыкты сапаттары менен ЖАМУнун өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошкон профессор Үметов Эгемберди Үметовичтин жаркын элесине арналган “Педагогикалык окуулар: билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун зарыл шарты катары эффективдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүдөгү мугалимдин ролу” – аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрду. Конференцияга республиканын туш-тушунан жана чет өлкөдөн окумуштуулар катышып, бардыгы болуп 85 илимий-доклад 7 секцияда (көпчүлүк секциялар докладдын көптүгүнөн өз ичинен дагы экиге бөлүнүштү) окулуп, педагогикалык, филологиялык жана башка илимий тармактар боюнча кызыктуу илимий гипотезалар жылдырылып, ой-пикирлер ортого ташталды. Илимий доклад окугандардын арасында жаш окутуучулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин саны барган сайын арбып жатышы кубанаарлык көрүнүш. Бир магистрант пленардык отурумда мыкты доклад жасап сертификатка ээ болсо, ар бир секцияда илимге кызыккан жаштардын позициясы күчтүү чыгып, дипломдорго ээ болушту. Конференциянын жыйынтыгында мыкты илимий доклад жасашкан окумуштуулар, студенттер, магистранттар менен аспиранттар түрдүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Конференция резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.