1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

3 дня назад

110

Кыялымдагы Кыргызстан: “Заманбап мугалим - сапаттуу билим берүү” форуму ЖАМУда 

“Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад - 2026” аталышындагы жаштар форуму Манас шаарында өткөрүлдү. Иш-чара мамлекеттик колдоонун негизинде «Кыргызстан жаштар кыймылы» тарабынан уюштурулган. Форумдун негизги максаты — аймактагы жаш лидерлерди бириктирүү, алардын идеяларын колдоо жана билим берүү, спорт, ишкердик жана жарандык активдүүлүк багыттарында өнүгүүсүнө шарт түзүү. Бул саамалыкта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаштары да четте калган жок. “Кыргызстан Жаштар Кыймылы” коомдук бирикмеси менен биргеликте  “Заманбап мугалим - сапаттуу билим берүү” форумун уюштурууну окуу жай колго алган. Алгач иш-чара жаштардын флешмобу менен башталды. Жаш мугалимдерди шыктандыруу максатында институт жана колледждердин жетишкендиктерин, ийгиликтерин көрсөткөн жарманке да даярдалган. Окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов келген конокторду өзү тосуп алып, көргөзмө аркылуу тааныштырып чыкты.  Акыркы учурларда мугалимдердин кадыр баркынын түшүп жатканы өкүндүрөт. Мындай учурда жаш адистерди колдоо, кесиптик өнүгүүсүн арттыруу жана заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу. Катышуучулар инновациялык методдор менен таанышып, тажрыйба алмашып, пайдалуу талкууларга катышуусу маанилүү.  Алдыңкы, кесипкөй жаш мугалимдерди тарбиялап жаткан Жалал-Абад мамлекеттик университети бул күнү өз активдүүлүгүн көрсөтө алды. Жаштарды бир аянтчага чогултуу, кесиптик деңгээлин көтөрүү, семинар, масстер-класстарды уюштурду.  Форумдун аягында мыкты катышуучуларга белектер тапшырылып, спикерлик кылган конокторго Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан ыраазычылык каттар, белектер берилди. Ал эми Манас шаарындагы Азаттык аянтында уланып жаткан форумда да университет атайын жарманке уюштурса, активдүү студенттер улуттук кийимдерди кийип, кыргыз баалуулуктарын жайылтууга салым кошту. Окуу жай эл аралык, республикалык иш-чараларды уюштурууда  ар дайым алдыңкы сапта болуп келет. Бүгүнкү форумга 2 миңден ашуун студент жана 500дөн ашуун жаш окутуучулар тартылган.