1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

16

ЖАМУда “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы сынак уланууда

ЖАМУда студенттердин талантын жайылтууга салым кошкон сынак уланууда. Анда улуттук баалуулуктарга, билимге, ыкчамдык жана ийкемдүүлүк талап кылынат. Сынак институт жана колледждин студенттери арасында жүрөт. Бул жолу Медицина институту менен медициналык колледжинин студенттери таймашты.

Саамалыктын максаты ЖАМУну ар тараптуу чыгармачыл, интеллектуалдык деңээлде даңазалоо жана студенттер арасында чыгармачылык байланышты жандандыруу, студенттерге элибиздин руханий  баалуулуктарын, маданиятын, нарк-насилдерин даңазалоого, өнүктүрүүгө, жайылтууга аянтча түзүү, студенттерди искусствонун жана маданияттын ар кандай түрлөрүнө кызыгуусун арттырып, таланттуу студенттерди чоң сахнага, эл аралык сынактарга даярдоо болуп саналат.

Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик ” Уңгужолу жөнүндө жарлыгына  карата ЖАМУнун  студенттери  арасында “Жалпыбыз бириксек күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин  тилек” аталышында өткөрулүп жатат. Женүүчүлөргө окуу жайдан акчалай сыйлыктар каралган