1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

115

ЖАМУнун студенти бокс боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль тагынды

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү ЖАМУнун ИЭТ-1-23 тайпасынын студенти Зафарбек Камилов Стамбул шаарында (Түркия) өткөн “Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament” аттуу эл аралык турниринде күмүш медаль тагынды. Спортчу 55 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Финалга карай жолдо Камилов жогорку чеберчилигин көрсөтүп, ринг ээлеринин эки өкүлүн удаасы менен жеңип алды: алгачкы беттешинде Баран Киркозлерди, ал эми кийинки баскычта Нихат Адиянды артта калтырып күмүш медалын тагынды. Маалымат үчүн:

Ахмет Комерт атындагы эл аралык турнир (Ahmet Cömert Bosphorus International Boxing Tournament) Стамбул шаарында 29-марттан 5-апрелге чейин өттү. Аталган мелдеш 34-жолу салттуу түрдө дүйнөнүн күчтүү боксчуларын чогултуп, быйылкы сезондун негизги мелдештерине даярдык көрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат.