1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

70

Башталгыч класстын мугалимдерин даярдап жаткан окутуучуларга агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби” басма үйүнүн кызматкерлери тажрыйба бөлүштү.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин адистерди кесиптик өнүктүрүү институтунун кайрылуусунан улам атайын адистер келип, семинар уюштурду. Анда башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо боюнча жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн окутуучулары үчүн заманбап окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо багытында кызматташуу үчүн 12 жылдык билим берүүнүн негизги багыттары: математика, кыргыз тили жана адабий окуу, мен жана дүйнө (табият таануу) жана башка багыттары боюнча адистер келип окутуучулар менен жаңы муундагы окуу китептеринин мазмууну менен тааныштырды.  Семинардын алкагында Сингапур өлкөсүндөгү билим берүү системасы жана Кембридж окуу китептеринин методологиясына таянып түзүлгөндүгү боюнча кеңири токтолду.

Андан сырткары санарипке өтүү, окуу материалдарын онлайн-платформаларга жайгаштыруу жана санариптик инструменттерди окуу процессине интеграциялоо маселелери талкууланды.Семинардын алкагында «Окуу китеби» мекемесинин адистери жана координаторлору математика жана табигый илимдер багытындагы жаңы материалдарды сабак учурунда натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык презентацияларды жасашты.Ошондой эле тажрыйбалуу педагогдорду жаңы китептердин сапатын текшерүүгө эксперт катары катышууга чакыруу сунушу айтылды. Бул иш-чара билим берүүнүн мазмунун жаңылоого жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө багытталган системалуу иштердин уландысы болуп саналат.