1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

70

ЖАМУда Эл аралык жана республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде студенттердин жетишкендиктери жогору бааланып, сыйлоо аземи уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана республикалык деңгээлдеги сынактарда, олимпиадаларда ийгилик жараткан студенттерге дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.

Атап айтканда, «Михаил Туган-Барановский атындагы Донецк улуттук экономика жана соода университети» Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемеси студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштеринин VII Бүткүл россиялык конкурсун уюштуруп, ЖАМУдан Марлен Абдирашидов «Экономика жана башкаруунун актуалдуу маселелери: теория жана практика» темасында катышып, 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом ыйгарылды. Илимий жетекчиси  э.и.к., доцент Айнура Жороева

Ошондой эле Ош шаарындагы Эл аралык медициналык университетинде «Анатомия — бул тагдыр» аталышындагы I эл аралык олимпиадада ЖАМУнун медицина институтунун 2-курсунун студенттеринен түзүлгөн «ДУХ клеткасы» командасы даярдаган видеотасма 1-орунга татыктуу болуп, сертификат менен сыйланды жана олимпиадада жалпы командалык 3-орунду камсыз кылганы үчүн III даражадагы диплом тапшырылды.  Катышуучулар: Абдыкаимова Айназик, Маматажиева Ясмина, Аманова Райхана

Ал эми спорт жаатынан ЖАМУнун баскетбол боюнча курама командасы Универсиадада байгелүү орунду ээледи.

Бул спорттук иш-чарага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин баскетбол боюнча эркектер курама командасы активдүү катышып, жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүү менен байгелүү 2-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышты.

Сыйлыктарды университеттин ректору К. Усенов тапшырып, студенттердин жетишкендиктерин жогору баалады. Ал өз сөзүндө мындай ийгиликтер университеттин өнүгүшүнө чоң салым кошорун жана жаштарды мындан ары дагы активдүү болууга чакырды.