1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

93

ЖАМУнун делегациясы «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» —улуттук форумунда

Өлкө аймагынан 800гө жакын чыгармачыл союздардын мүчөлөрү, илимий интеллигенция, маданият, искусство жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форумуна катышууда.

Анда 20дан ашуун баяндама угулуп, улуттук идеология, маданий мурастарды сактоо, чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүү, жаш илимпоздордун ролу, билим берүү жана тарбия системасындагы руханий баалуулуктар, ошондой эле заманбап коомдогу интеллигенциянын орду сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлүүдө.

Аталган форумга Жалал-Абад мамлекеттик университетинен ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов баштаган жамаат да катышууда.

Форумда көтөрүлгөн идеология, маданий мурастар, чыгармачыл индустрияларды өнүктүрүү, жаш илимпоздордун ролу, билим берүү жана тарбия багытында окуу жайда ишмердүүлүктү жандантуу пландалууда. Аталган иш-чаранын алкагында алынган жаңы билимдер жана заманбап окутуу ыкмалары билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.