1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

136

Маарекең кут болсун, менин сүйүктүү окуу жайым!

Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 2-апрелиндеги Жарлыгы менен мамлекеттик окуу жайы катары электроника, энергетика, курулуш, билим берүү жана башка тармактар ​​боюнча негизги жана толук жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле агроөнөржай комплексинин адистерин даярдоону камсыз кылуу максатында ачылган.

Университет Кыргыз техникалык университетинин (мурдагы ФПИ), Жалал-Абад ветеринардык техникумунун, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын, Майлуу-Суу электромеханикалык колледжинин жана Кочкор-Ата колледжинин, Кара-Көл жана Таш-Көмүр кечки факультеттеринин базасында түзүлгөн. Бул окуу жайда көп жылдык тажрыйбасы бар окутуучулар эмгектенип келет.

ЖАМУ 2-апрелде мамлекеттик окуу жай катары толук жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында негизделген. Бул күндү утурлай окуу жайда майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Мааракенин алкагында концерттик программа тартууланып,студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле алдыңкы адистер Манас мэриясынын жана университет тарабынан ардак грамоталар менен сыйланышты.

Эске салсак алгачкы жылдары кыска мөөнөттүү педагогикалык окуу курсу катары 31500дөй мугалим адистерди даярдаган болсо, бүгүнкү күндө 13 миңден ашуун студент билим алып келет.