1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

207

1

КРнын Жогорку технологиялар паркы менен ЖАМУ кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

 Жогорку технологиялар паркынын кызматташуу боюнча өкүлү Нурзат Тынымбектин демилгеси менен уюштурулду. Ал ЖАМУнун ректору Кеңешбек  Усенов менен жолугушуп, эки мекеме ортосундагы кызматташуунун багыттарын талкуулады. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар расмий түрдө Меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы менен ЖАМУ маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ) чөйрөсүндө биргелешип иштөөнү, инновациялык жана стартап-долбоорлорду колдоону, студенттерге стажировка мүмкүнчүлүктөрүн берүүнү, биргелешкен конференциялар, семинарлар жана билим берүү программаларын өткөрүү пландалууда.

Кол коюу аземинен кийин Жогорку технологиялар паркынын адистери ЖАМУнун IT багытындагы студенттерине жана окутуучуларына лекция окушту. Лекцияда кыргызстандык технология тармагынын учурдагы абалы, Жогорку технологиялар паркынын экосистемасы, жаш адистер үчүн карьералык мүмкүнчүлүктөр жана стартап-колдоо механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Бул кызматташуу ЖАМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн IT тармагында практикалык тажрыйба алуунун, заманбап технологиялар менен таанышуунун жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат деп күтүлүүдө.