1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

45

"ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН РУХАНИЙ-ГУМАНИСТТИК МУРАСЫ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ: УЛУТТУК ДЕМ - ДҮНӨЛҮК БИЙИКТИК УҢГУЖОЛУ  ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮнүн  МАДАНИЯТТАР ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАРдын ДИАЛОГУ" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине жана Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурду. Иш-чаранын алкагында алгач расмий коноктор Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Капалбаев Октябрь, КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары; Борубашов Бекбосун , Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев окуу жайга келип, университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

 Көпчүлүктү студенттердин стартап долбоорлору өзүнө тарта алды. Жаштардын демилгелерин колдоо жана өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар айтылды. Студенттерди ишкерлер менен жолуктуруу, алардын эмгегин ишке ашырууга облус башчысы тарабынан колдоо болору айтылды.  Конференциянын алкагында окуу жайда профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда секциялык жыйындар өтүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары ар тараптуу талкууланды. Ошондой эле студенттер үчүн өзүнчө секциялар уюштурулуп,  эне тил, улуттук баалуулуктар жана кыргыз маданияты, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу боюнча баяндамалар жасалды.

 Конференциянын экинчи бөлүгү Жалал-Абад облусунун администрациясынын жыйындар залында уланды. Алгач концерттик программа менен коштолуп, студенттер тарабынан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан театралдык көрүнүштөрдү тартуулашты. "ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН РУХАНИЙ-ГУМАНИСТТИК МУРАСЫ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ: улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик унгужолу  ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮнүн  МАДАНИЯТТАР ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАРдын ДИАЛОГУ" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга чет өлкөлөрдөн Өзбекстан, Турция, АКШ жана Россиядан окумуштуулар катышып, докладдар жасалды.  Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары уюштуруу жогорку деңгээлде болгонун белгилеп, келген коноктор, окутуучу жана студенттер үчүн да маанилүү экендигине токтолду.  

Эл аралык деңгээлде өткөн бул конференциядеңгээлдеги илимий-практикалык конференция Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлдү анткени окуу жайдын бүгүнкү күндөгү кадыр баркы эл аралык конференцияны өткөрүү толук мүмкүнчүлүк бар. Буга мисалы сырттан чакыруу менен келген профессорлор. Ал эми иш-чаранын негизги максаты Айтматовдун мурасын даңазалоо менен бирге, илим менен практиканын байланышын чыңдап, жаштардын жаңы идеяларын ишке ашырууга өбөлгө түздү.