1. Башкы бет
  2. Медиаборбор
  3. Жаңылыктар

4 недели назад

180

24-март - кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

Кургак учук - бул бактериялар пайда кылган жугуштуу оору. Ал бир адамдан экинчи адамга инфекция жуккан адамдан абага бөлүнүп чыккан микроскопиялык тамчылар аркылуу жугушу мүмкүн.  24-март - кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күнгө карата түшүндүрүү иштери жанданат. Оору тууралуу маалыматтын көп болуусу, сактануунун эң оңой жолу.  Кургак учуктун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ЖАМУнун медицина институтунун коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы биринчи курстар арасында “Кургак учук – медико-социалдык глобалдуу көйгөй” аталышында олимпиада өткөрүлдү. Сынакка катышкан командалар өздөрүн тааныштырып, темага байланыштуу дубал газеталарды даярдашты. Ошондой эле катышуучулар кургак учук боюнча тест тапшырмаларын аткарып, теориялык билимдерин сынашты. Иш-чаранын негизги максаты — жаш адистердин кургак учук илдети боюнча билимин жогорулатуу жана коомчулукка туура маалымат жеткирүү. Саламаттык сактоо багытында ЖАМУнун медицина институту көптөгөн коомдук  уюмдар менен иштешип келет. Бул күнкү олимпиадага да демөөрчү катары Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган командалар жана активдүү катышуучулар атайын сыйлыктарды тапшырылды. Иш-чарага биринчи курстун студенттери тартылган. Жалпысынан 3 команда күч сынашып, 1-орунду Анти Кох командасы, 2-орунду Жашоо деми, 3-орунга Белая ромашка командасы жетишти.